Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:28
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Турак-жай курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

23.10.2020 13:36
484
Турак-жай курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды


УКМК өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 2019-жылдын август айында Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу курулуштардын уруксат документинде,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдырынын талабында көрсөтүлгөн талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталган. "Айлана-чөйрөнү коргоо" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндөгү" мыйзамда сейил бактарда, скверлерде, турак үйлөрдө, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу, суу коргоо зоналарынын чегинде ага ылайык имараттарды долбоорлоого жана курууга тыюу салынган.


Кечээ, 22-октябрда сотко чейинки өндүрүш КР кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менген пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн