Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Туристтердин аскада жоголгон сумкасын ИИМ жана ӨКМ кызматкерлери таап берди

23.08.2022 11:57
1012
Туристтердин аскада жоголгон  сумкасын ИИМ жана ӨКМ кызматкерлери таап берди

Ысык-Көлдө чехиялык туристтер аскадан документтер салынган рюкзагын жоготушкан. Аларга милиция кызматкерлери жана ӨКМдин куткаруучулары жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


21-август күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Чехиянын жараны Петр Пидима кайрылып, Ак-Суу районунун Ала-Көл аймагына бара жатып, сүйлөшкөн кызы менен өтө коопту аскалуу аймака туш болгонун билдирген. Жаралган көйгөйдөн улам жана өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн, ал рюкзагын аскадан ыргытууга мажбур болгон. Андан кийин, алар рюкзакты өз алдынча табууга аракет кылышкан, бирок андан тийиштүү жыйынтык чыккан эмес.

Туристтин айтымында, рюкзакта алардын чет мамлекеттик паспорттору, кредиттик карталары, акча каражаттары жана жеке буюмдары болгон.


Билдирүү боюнча, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери кайрылган туристтер менен бирге жардан рюкзакты түшүргөн жерге барышкан.   


Мындан тышкары, ӨКМдин аймактык куткаруучулары жардамга тартылып, алар 2 саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө аскалуу тоо кыркасынын жетүүгө кыйын жеринен рюкзакты таап, ээлерине кайтарып беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн