Бүгүн, 3-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгил ачылып, ички иштер кызматкерлеринин саптык кароосу өттү. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, орун басары Октябрь Урманбетов, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Ысык-Көл ОИИБинин начальниги Канат Жумагазиев катышты.
Министр гарнизондук саптык кароону өткөрүү учурунда 2022-жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.
"Бул максатты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн гарнизондук бөлүштүрүүнү өлкөбүздүн негизги туристтик аймагы болгон Ысык-Көл облусунан баштадык.
Бүгүндөн баштап бардык ички иштер органдары жайкы туристтик мезгилге байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү. Жалпысынан коомдук тартипти жана жол коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер күнү-түнү камсыздайт.
Президенттин, министрлер кабинетинин түздөн-түз колдоосунда чет элдик кесиптештердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен элди коопсуз тейлөөгө карата заманбап шарттарды түзүүгө жетиштик.
Өлкөбүздүн аймактарында жаңы образдагы заманбап жабдыктар менен камсыздалган милициянын аймактык тескөөчүлөрү ишке кирсе, Бишкек, Ош шаарларында бир катар чет тилдерди билген туристтик милиция кызматы ишке киргизилип, Ысык-Көл облусунда туристтик жана экологиялык кызматы материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздалып, милдетин аткарууга чыкты.
Коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга, жол кырсыктары мүмкүн болгон кооптуу трассаларга, кылмыштын бетин ыкчам ачууга карата мерчемдүү жерлерге 2 миңден ашуун видео-камералар коюлуп, мониторинг борборлору күнү-түнү көзөмөлдөө иштерин алып барууда", - дейт министр.
Улан Ниязбеков республиканын алыскы туристтик аймактарында калкка жана чет элдик жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында милициянын 57 көчмө кабылдамасы тартылганын кошумчалады.
Туристтик мезгил учурунда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун, Ички аскерлердин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Күзөт кызматынын жана жер-жердеги ички иштер органдарынын кызматкерлери элге сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн туристтик аймактарга белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн