Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Туризм, энергетика. Кыргыз-Сауд Аравия бизнес форуму өттү

28.02.2022 09:16
898
Туризм, энергетика. Кыргыз-Сауд Аравия бизнес форуму өттү

Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында “Кыргыз өлкөсү – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Жидда шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммед ибн Юсуф Нагинин катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө туризм, айыл чарба жана транспорт инфраструктурасы тармактарындагы инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр сунушталды.


Бизнес-форумга 100дөн ашуун катышуучу, анын ичинде каржы институттарынын жана 45 ата мекендик, 65 саудиялык компаниянын өкүлдөрү катышкан.


"Жыйынтыгында энергетика жана айыл чарба продукцияны экспорттоо жаатында 4 документке кол коюлду. Ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жолугушуулары өтүп, экспорттук келишимдерге кол коюу күтүлүүдө" - деп айтылат маалыматта

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн