Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы үй камагына чыгарылды

31.07.2023 09:26
326
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы үй камагына чыгарылды


Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Елена Калашникова үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

"Айыпталуучу К.Э.А жана В А.И. карата мурда тандалган баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2023-жылдын 22-августуна чейин үй камагына чыгарылды. Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучуларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Айыпталуучу К.Э.А. 12 млн сом, ал эми В.А.И. 1,5 млн сом өлчөмүндөгү материалдык зыяндын ордун толтурду. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган”, - деп белгилешти соттон.

Эскерте кетсек, Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова жана анын орун басары В.А.И. коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн