Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түрк президенти Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

21.03.2022 20:45
644
Түрк президенти Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады.


«Жаздын жарчысы катары салтанаттуу түрдө белгиленген Нооруз, Борбордук Азиядан Балкандарга чейинки аймактарда жалпы баалуулуктарыбызды жана байлыктарыбызды эстөө, коргоо жана жаңы муунга өткөрүп берүү үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.


Байыркы цивилизациябыз; тынчтык, сабырдуулук, сүйүү, бир туугандык сыяктуу жалпы баалуулуктар жогору тутулган жерде өсүп-өнүгүү менен катар, ата-бабаларыбыздан бөлүнүп-жарылууга жол бербеген, биримдик менен ынтымак үчүн зарыл болгон бийик сапаттарды мураска алган.


Оор сыноолордон өтүп жаткан бул мезгилде Нооруз алып келген достук жана бир туугандык руху дүйнөлүк масштабда таасирлүү болот деп үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоо катында.


Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт таалай, ийгилик, ал эми дос жана боордош кыргыз элине бакубатчылык жана тынчтык каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн