Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:03
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Түрк тилдүү мамлекеттер темир жол тармагында кызматташууну талкуулады

01.11.2022 14:43
327
Түрк тилдүү мамлекеттер темир жол тармагында кызматташууну талкуулады

Ташкент шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди.


Маалыматка ылайык, ага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын темир жол ишканаларынын башчылары катышты.


Жыйындын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун темир жол администрацияларынын ортосунда жигердүү кызматташууну түзүү маселелери каралды.


Өз кезегинде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жол тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын жетекчилеринин жолугушууларынын демилгелерин ишке ашыруу боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү жана бир катар башка макулдашууларга жетишилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн