Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түрк тилдүү мамлекеттердин ТИМ башчылары Афганистанга жардам берүүнү талкуулады

28.09.2021 13:31
1134
Түрк тилдүү мамлекеттердин ТИМ башчылары Афганистанга жардам берүүнү талкуулады

2021-жылдын 27-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМККнын) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Афганистандагы кырдаалга жана анын түрк тилдүү өлкөлөргө тийгизген таасирине арналган кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө тараптар афгандар аралык диалогго көмөк көрсөтүү жагынан ТМККнын өлкөлөрүнүн демилгелерин талкуулашты, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелер боюнча Афганистан менен келечекте өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгилешти.


ТМККга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык коомчулук тарабынан Афганстанда гуманитардык апаатты болтурбоо жана Афганстандын элине келе жаткан кыш алдында жардам көрсөтүү үчүн өз убагында чара көрүлүүсүнүн зарылдыгын белгилешти.


КР тышкы иштер министрлигинин башчысы Р.Казакбаев Афганистандагы азыркы оор кырдаалдын гуманитардык аспектилерин конструктивдүү чечүү механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарап эл аралык коомчулукту, анын ичинде түрк тилдүү өлкөлөрдү чектеш Афганистанда тынчтыкка, бейпилдикке жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн максаттуу аракеттерди көрүүгө чакырды.


Р.Казакбаев жолугушуунун катышуучуларына 23-сентябрда өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кабулга Кыргызстан элинен Афганистан элине гуманитардык жардам жеткирилгенин маалымдады. Ошол эле учурда, бул гуманитардык операциянын алкагында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Афганстандын өткөөл өкмөтүнүн жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөндүгү белгиленди.


Мындан тышкары, министр Р.Казакбаев өз сөзүндө 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда элдик бийлик орнотула баштагандан берки саясий окуяларга кеңири токтолду. Ал 2021-жылы ноябрда боло турган парламенттик шайлоо менен кыргыз элинин эркин билдирүүсү боюнча октябрь айындагы трансформациялардын саясий цикли бүтө тургандыгын маалымдады.


Ошондой эле Министрлер кеңешинин жыйынында үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда өтө турган ТМККнын 8-саммитинин күн тартибинин долбоору жана ТМККнын алкагында көп тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери каралды.


Көрсөтүлгөн жыйындын жыйынтыгы боюнча ТМККнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн