Бугу 02, 2024
Убакыт: 12:55
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Түркистан шаарында ТүркПАнын 10-пленардык жыйыны өтүүдө

28.09.2021 08:56
793
Түркистан шаарында ТүркПАнын 10-пленардык жыйыны өтүүдө

27-сентябрда, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) маарекелик Х пленардык жыйыны Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында башталды. Түрк дүйнөсүнүн Руханий борбору саналган калаада башталган жыйын Казакстан парламентинин Мажилисинин жетекчилиги астында уюштурулууда.

“Түрк парламенттер аралык кызматташтыктын перспективалары” аталышында өтүп жаткан иш-чарага ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстан менен Түркиянын парламенттик делегациялары, ошондой эле конок катары Өзбекстан жана байкоочу катары Венгрия мамлекеттеринин парламенттик өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Андан тышкары, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана башка институттардын башчылары жана өкүлдөрү да чакырылган.


Иш-чаранын жүрүшүндө Туруктуу комиссиялардын документтери, укуктук документтер жана жаңы моделдик мыйзамдар талкууланат. Жыйында кийинки отурумдун күнү жана орду аныкталып, отурум Түркстан декларациясын кабыл алуу менен аяктайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн