Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Түркия Кыргызстанда буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачууну каалайт

17.02.2021 18:03
772
Түркия Кыргызстанда буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачууну каалайт

Күн мурун, 16-февралда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Мерсин провинциясынан Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Бехич Челик жана аталган провинциянын Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү-ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, тактап айтканда, инвестицияларды тартуу жана Кыргызстанда өнөр-жай ишканаларын түзүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Мерсиндин ишкерлерин өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымдады.

Кыргызстандын төө буурчагын Мерсиндеги товардык биржа аркылуу экспорттолуп жаткандыгын эске алып, тараптар Кыргызстанда буурчакты кайра иштетүүчү ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн