Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 05:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түркия Ошко заманбап аэропорт курууну көздөйт

05.02.2021 10:05
3341
Түркия Ошко заманбап аэропорт курууну көздөйт

Түркия мамлекети Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү.

Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда Түрк республикасы Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыктар, бул багытта иштер жүруп жатат.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Айдаралиев талгатбек
Албетте куруш керек
Эркин
Маашалааа