27-февралда Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу "Монтре" келишимине ылайык Босфор жана Дарданелла кысыгын жаба турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалым болгондой, Чавушоглу Түркия согушка катышкан тарап эмес экендигин белгиледи.
Анын айтымында, Босфор жана Дарданелла кысыгы согушуп жаткан тараптардын аскердик кемелеринин өтүүсүнө тыюу салынат.
Кемелер буга чыккан болсо алар мурдагы жайгашкан ордуна кайта алат.
Мевлют Чавушоглу Россиянын Украинадагы операциясын согушка айланып бара жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн