Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Түркия кылмыштуулук менен күрөшүүдө Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

08.11.2022 12:05
352
Түркия кылмыштуулук менен күрөшүүдө Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар



2022-жылдын 8-ноябрында Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.


Министр биргелешкен иштин өнүгүшүнүн оң динамиканысын баса белгилеп, ИИМдин кызматкерлери үчүн түрк полициясынын алдыңкы жетишкендиктерин иликтөө жана милициянын ишмердүүлүгүнө жаңы ыкмаларды жана технологияларды киргизүү боюнча тренингдерди уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди.

ИИМдин жетекчиси белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Эл аралык кызматташууга чоң маани берет.

“Дүйнөнүн глобалдашуусунун шартында Кыргыз милициясы ар дайым кылмыштардын бардык түрлөрү - экстремизм, баңгизат жана кибер кылмыштар менен күрөшүүдө эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр жана анын негизги милдети эки өлкөнүн жарандарынын тынч, бакубат жана коопсуз жашоосуна көмөк көрсөтүү болуп саналат”, - деди Улан Ниязбеков .


Жолугушуунун алкагында меймандарга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам башкаруу борбору, санариптик камсыздоо борбору, ИИМдин жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган Басма сөз кызматы борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн-конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы тааныштырылды.


Түркиянын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 


Өз кезегинде, Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтер ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даярдыгын билдирди.


Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү андан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн