Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түркия менен мамилени жандандырабыз, - Садыр Жапаров

08.05.2021 16:01
1232
Түркия менен мамилени жандандырабыз, - Садыр Жапаров


Кыргызстан менен Түркия илгертеден бир туугандай мамиледе болгон, деп билдирди Садыр Жапаров түркиялык «TRT Avaz» телеканалына берген интервьюсунда.


Анын айтымында, соңку 4-5 жылда Түркия менен Кыргызстандын мамилеси салкындап кеткен.


«Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биздин жетекчилик Түркия менен Орусиянын ишине кийлигише калып, өзүнүн туура эмес позициясын көрсөтүп алгандыгы үчүн мамиле солгундап кеткен. Мындан ары Түркия менен Кыргызстандын мамилеси эң жогорку деңгээлге жетерине көзүм жетет. Биз муну кайрадан жандандырабыз. Биз кечээ күнү эле бир тууган боло калган жокпуз. Бизди миң жылдык тарыхыбыз бириктирип турат», - деди Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн