Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:00
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Түркия шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Садыр Жапаров Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

29.05.2023 09:04
350
Түркия шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Садыр Жапаров Эрдоганды жеңиши менен куттуктады


Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады.

"Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган!

Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү.

Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем", - деп президент социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн