Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түркия университети тарабынан Жапаровго "Ардактуу профессор" наамы ыйгарылды

10.06.2021 14:24
1287
Түркия университети тарабынан Жапаровго "Ардактуу профессор" наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

TOBB президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рыфат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.

Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду.

Иш-чара түз эфирде көрсөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн