Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияда Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөргө өкүм чыкты

01.03.2022 15:38
471
Түркияда Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөргө өкүм чыкты

Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жети жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу 1-мартта түркиялык "Демирөрен" агенттиги маалымат таратты.


Анда сот Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Барготту "Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган" деген берене боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан чечим чыгарганы жазылат.


Энвер менен Ахметалиевге "Атайлап адам өлтүрүү" жана "Куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү" беренеси боюнча 500 миң лира (36 миң доллардын тегерегинде) өлчөмүндө айыппул салды.


Ал эми дагы бир айыпталуучу Самер Баргут "Атайлап киши өлтүрүү" беренеси менен 13 жылга эркинен ажыратылганы кабарланды.


"Террордук уюмга атайлап жана өз ыктыяры менен жардам берген" деген айыптын негизинде Али Исбех, Али Эл Хаж Али жана Ассад Элхатибге үч жылга кесилди.


Былтыр болсо Стамбул шаардык соту Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири Нормахамат Арипхоновду бошоткон.


Уйгер тектүү ишкер Айеркен Саймаитини 2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда атып кетишкен.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн