Бугу 02, 2024
Убакыт: 01:57
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды

27.11.2023 09:41
2394
Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды


Кечээ, 26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналды.

Ага КР маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркия маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Түркиянын маданият жана искусство чеберлери, Түркияда жашаган кыргыздар жана мекендештер катышты.

Маданият күндөрү Анкара Чоң театрынын фойесинде Исабаев атындагы Камбаркан фольклордук-этнографиялык ансамбли улуттук ыр-күүлөрдү ойноп, ага коштоп улуттук кийим кийген кыз-жигиттер, чебер кол өнөрчүлөрдүн жана кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин жана кыргыздын улуттук даам-азыктары көрсөтүлдү.

Адан соң маданият күндөрүнүн салтанатуу бөлүгүндө Кыргызстан тууралуу видео тасма тартууланып, театралдаштырылган оюн-зоок менен уланды.

Маданият күндөрүн расмий маданият министринин биринчи орун басары Тимуржан Ажымалиев ачты.

Ачылыш салтанатта Тимурлан Ажымалиев Кыргызстан менен Түркиянын маданий мамилелери динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүп жаткандыгын белгилеп, бул мамилелердин жандануусуна президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркияга болгон иш сапарында жетишилген макулдашуулар экендигин баса белгидеди.

Ошондой эле ал кыргыз жана түрк элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, бул сыяктуу биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактарын, улуттук руханий байлыгын, окшоштугун, артыкчылыгын тереңирээк сезе алабыз деди. Анын негизи катары 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүп, Түркия Республикасы Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи тааныгандын айтты.

Ошондой эле ал, тилибиздеги, дилибиздеги окшоштук эки элдин ортосундагы ажырагыс бекем көпүрө катары түрк дүйнөсүнүн биримдигинин маанилүү компоненти болуп калаарын, ага мисал катары акын-жазуучулардын жана агартуучулардын иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи

Мындан сырткары, 2017, 2019, 2022-жылдары Стамбул, Анкара, Анталия шаарларында Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери жана бюсттары орнотулуп, сквер жана сейил бактарга анын ысымы ыйгарылгандыгы, чыгармалары түрк тилине которулгандыгы Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине жана чыгармачылыгына Түрк эли чоң урмат-сый менен мамиле кыларын сезет деп билдирди. Аны менен катар, Бишкек шаарынын борборунда Ата Түрк сейил багы, Анкара көчөлөрү жайгашканы айтылган бекем мамилелердин үлгүсү катары белгиленип, 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса провинциясынын Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде өтүшү эки өлкөнүн маданий алакасын жогорку деңгээлге алып чыкканын баса белгиледи.

Андан соң, маданият күндөрүнүн концерттик бөлүгү орун алып, кыргыздын бай маданияты жана искусствонун мыкты үлгүлөрү тартууланды.

Концертте КР Эл артисттер Саламат Садыкова, Роза Аманова жана эмгек сиңирген артисттери Гульзинат Суранчиева, Улан Качкыналев сындуу алдыңкы өнөр адамдары катышып, КР Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери коштоду.

Анкара Чоң театры өзгөчө шаңга бөлөнүп, концерт жандуу өтүп, көрүүүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн