Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая тоо лыжа курортундагы мейманканада өрттөн каза болгондордун саны 76га жетти. Бул тууралуу Түркиянын “Haber Clobal” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, 21-январь күнү кечинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын билдирген. Ошондой эле 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланган.
“Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаган. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 "Тез жардам" кызматы жөнөтүлгөн”, - дейт Ерликая Болу.
Эске салсак, Болу облусундагы Карталкая эс алуу жайында 21-январга караган түнү 12 кабаттуу мейманканадан өрт чыккан. Коноктордун көбү байланган шейшептерге түшүүгө аракет кылышса, айрымдары терезеден секирип кетишкен.
Ekol TV, телеканалынын маалыматына караганда, 1974-жылы курулган мейманкананын ичи жыгач менен капталгандыктан, өрттүн тез жайылышына өрт тепкичтери да жыгачтан жасалган.
Жалпысынан мейманканада 237 адам жашаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн