Бирдин айы 10, 2025
Убакыт: 00:12
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Түркияда мейманканадан чыккан өрттү иликтөөдө 15 киши камакка алынды

27.01.2025 10:42
508
Түркияда мейманканадан чыккан өрттү иликтөөдө 15 киши камакка алынды


Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости Sabah маалымат сайтына таянып жазды. 


Ишембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эч кандай шек жараткан жагдайлар болбошу үчүн сот системасы окуянын бардык аспектилерин ачыктоого болгон аракетин жумшап жатканын айткан. Ошондой эле ал бул кырсыктын айланасында саясий талаш-тартыштарды чыгаргандарды абийирге келүүгө чакырган.


“Беш шектүү, анын ичинде Болу муниципалитетинин мэринин орун басары Седат Гюленер, өрт департаментинин директорунун орун басары Кенан Жошкун соттук териштирүүлөрдө болушту. Болу Карталкая лыжа базасындагы Grand Kartal мейманканасында 78 адам каза болгон өрттү иликтөөнүн алкагында камалган шектүүлөрдүн саны 15ке жетти”, – деп жазылат маалыматта.


Эске салсак, 21-январда Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая курортунда өрт чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн