Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына 74 мамлекет катышуу ниетин билдирген

08.02.2022 12:21
616
Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына 74 мамлекет катышуу ниетин билдирген

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык старт алды. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев соцтармагында билдирүү калтырды.


Анын айтымында, көчмөндөр оюну ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда.

“Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. Түркияда көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө.

Көчмөндөр оюнунун алкагында маданий программага айрыкча орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору, сценаристтери тартылган”, - деп жазат Раев.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч ирет Кыргызстанда өтүп келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн