Карантин учурунда Түркияда убактылуу жашоого уруксатынын жана визасынын мөөнөтү өтүп кеткендерге айып салынбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Түрк бийлиги «COVID-19» инфекциясына жана аба каттамдардын жабылганына байланыштуу убактылуу жашап туруу уруксатынын жана визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк жарандарга айып пул салынбай турганы жөнүндө чечим кабыл алган.
"Аталган чечим аба каттамдары ачылганга чейин күчүндө болот", - деп билдиришти элчиликтен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн