Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды

11.11.2022 13:09
372
Түркиядагы элчи Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун башкы катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында өтүп жаткан ТМУнун 9-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


Жапаров Өмүралиевдин талапкерлигин колдогондугу үчүн өлкө лидерине ыраазычылык билдирди.


"Урматтуу делегация башчылары,

Сиздерге Түрк мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин колдогонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Анын кесипкөйлүк жана инсандык сапаттары биздин Уюмубуздун дараметин мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артабыз.

Ал бүгүн биздин делегациянын курамында, Кубанычбек Өмүралиевди тааныштырууга уруксат бериңиздер.

Муну менен бирге, Багдад Култаевич Амреев мырзага Уюмдун башкы катчысы кызматындагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем",- деди президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн