Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:08
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Түркиядагы кыргыз келиндин өлтүрүлүшү. ТИМ маалымат таратты

15.10.2021 07:45
738
Түркиядагы кыргыз келиндин өлтүрүлүшү. ТИМ маалымат таратты

Кыргыз тарап Түркиядан киши колдуу болгон 30 жаштагы кыргызстандык келин боюнча кылмыш ишин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.


Белгилүү болгондой, Түркиянын Текирдаг шаарында 65 жаштагы киши кыргыз келинин бычактап өлтүрүп, денесин жашырууга аракет кылганын жазышкан. Аял шектүүнүн уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан. 


ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова 13-октябрь күнү Текирдагга барып, жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси менен сүйлөшкөн. Ал иликтөө ишин тездетүүнү өтүнүп, кыргыз тарап окуяга тыкыр көз салып турарын билдирген.


"Алынган маалыматтар боюнча, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, "Адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн