Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түркиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары медициналык каражаттар келди

15.07.2020 14:08
1143
Түркиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары медициналык каражаттар келди


Түркиядан коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, 20 өпкөнү жасалма желдетүү аппараты (ӨЖЖ), 50 кычкылтек концентратору, 20 комплект ПЦР-тест, вирусту аныктоо үчүн реагенттердин 20 миң комплекти, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап - калканч жана 10 миң гидроксихлорохин таблетка келген.


Бул жардам 6-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 7-июлда саламаттыкты сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюнун негизинде келди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн