24-апрелге Стамбул-Бишкек чартердик авиакаттамы белгиленди. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын 24-апрелинде саат 04:50дө Стамбул-Бишкек багыты боюнча Ататүрк атындагы эл аралык аэропорттон ТК4916 чартердик аба каттамын ишке ашыруу пландаштырылууда. Авиабилеттердин сатылышы түздөн түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт, билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг.
Кыргызстандын жарандарын кайтаруу Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айынан бери түзүлгөн тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Бул рейс менен биринчи кезекте төмөнкү Кыргызстандын жарандарын алып кетүү пландаштырылууда: дарылануу үчүн келгендер, балалуу аялдар, улгайган адамдар, хронологиялык тартипке ылайык Элчилик жана Башкы консулдукка арыздарын жибергендер.
Түркиянын 31 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына жана 23-апрелден 26-апрелге чейин сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу, Элчилик Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жергиликтүү бийликтерден Түркиянын төмөнкү шаарларынан Кыргызстандын жарандарынын Стамбулга келүүсү үчүн уруксат алуу боюнча кайрылган: Анкара, Анталья, Аланья, Измир, Кастамону, Карабюк, Кайсери, Конья, Кыршехир, Невшехир ж.б.
"Урматтуу тизмедеги жарандар, уруксат алуу процессин тездетүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына - Каймакамлыкка, Стамбулга барууга уруксат алуу үчүн, бара турчу унаанын номери жана унаанын айдоочусу тууралуу маалыматты камтыган арыз менен кайрылууну сунуштайбыз (бул маалыматты Элчиликтин [email protected] электрондук почтасына дагы тез арада жөнөтүү керек).
Ататүрк атындагы эл аралык аэропортко чартердик авиарейстин учушунан 4 саат мурун келүү зарыл", -деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Пикирлер (8)