Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлерди өз каражатына коронавируска тест тапшырууга чакырды

10.08.2020 15:15
1285
Түркмөн бийлиги мамлекеттик кызматкерлерди өз каражатына коронавируска тест тапшырууга чакырды


Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди өз каражатына коронавируска карата тест тапшырууга чакырды. Бул тууралуу azathabar.com басылмасы жазып чыкты.


Мындай көрсөтмө мамлекеттик мекемелерге 6-август күнү түшкөн.


“Коронавируска тез аранын ичинде тест тапшыруу үчүн мамлекеттик мекемелерге жаңы көрсөтмө келип түштү. Ал үчүн үй-бүлөлүк дарыгер лабораторияга жолдомо бериши керек. Анын жыйынтыгын көрсөткөн кагазды мекемеге алып келүүлөрү керек, эгер ал жок болсо жумушка киргизбейт”, - деп айтылат маалыматта.


Билдирүүгө караганда, бюджетте иштеген кызматкерлер анализ тапшыруу үчүн өзүнүн жеке эсебинен каражат төлөшөт. Мындай тесттин баасы 100 манат же болбосо 28,5 долларды түзөт. Ошол эле учурда дарыгерлер тесттин жыйынтыгын маалым катка жазбайт, болгону мекеменин жетекчилигине билдиришет.


Ал эми басылма массалык түрдө коронавируска эмне үчүн тест тапшырып жатканын аныктай алган эмес. Мамлекеттик кызматкерлер жаңы чечимдер айлык-акынын берилип баштаганына туш келгенин жана кайрадан акчаларын кармап калууга болгон аракет деп баалашкан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн