Түркмөнстанда "Алабай" күнү белгиленет. Бул тууралууү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жарыялады.
Анын айтымында, иттин бул сорту түркмөн элинин сыймыгы жана апрель айынын акыркы жекшембиси "Алабай" күнү белгиленет.
Буга чейин апрель айынын акыркы жекшембисинде түркмөн сортундагы аттын күнү белгиленген болсо, эми эки майрам бириктирилет. Ал күнү "Алабай" жана "Ахалтеке" конкурстары жана көргөзмөлөрү орун алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн