Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:01
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Түрмөдөгү тополоңдон 116 адам каза болду

01.10.2021 09:36
841
Түрмөдөгү тополоңдон 116 адам каза болду

Эквадордун Гуаякил шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдон кеминде 116 киши мерт болуп, 80дей киши жаракат алды.


Бийлик өкүлдөрү Литорал абагындагы тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар кылмыштуу топтор себеп болгонун, кеминде беш кишинин сөөгү башы кесилген абалда табылганын билдирди.


29-сентябрдагы бул окуядан улам президент Гильермо Лассо Эквадордо өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал бийлик абактагы абалды толук көзөмөлгө ала электигин айтты.


"Түрмөлөр кылмыштуу топтордун таасир талашынын чордонуна айланганы өкүнүчтүү", - деди Эквадордун президенти.


Өзгөчө кырдаал өкмөткө түрмөлөргө кошумча күч жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Эквадордун Улуттук реабилитация кеңешинин мурдагы башчысы Леди Зунига Борбордук Америкадагы бул өлкөнүн тарыхында Литорал абагында мынчалык чоң тополоң чыгып көрбөгөнүн, бийлик былтыр февралда дагы бир түрмөдө болгон кыргындан сабак албаганын айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн