Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Түрмөгө келген тамак-аштын арасынан "гашиш" табылган

Түрмөгө келген тамак-аштын арасынан "гашиш" табылган

Жакында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКтын кызматкерлери менен биргеликте жазаларды аткаруу мекемесинин аймагына уруксат берилбеген предметтерди киргизүү фактысын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


 №1 тергөө абагында  кармалгандар үчүн алынып келинген тамак-аштын арасын кароо учурунда болжол менен 13 граммды түзгөн кара куурайдай кескин жыты бар зат табылып алынган.  Аталган факты №1 тергөө абагынын кабыл алуу блогунда аныкталган. Чүй облусунун 1986-жылы туулган жашоочусу алып келген тамак-ашта катылган жогорудагы уруксат берилбеген зат табылган. Кийинчерээк экспертиза корутунду чыгарып, ал “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.


ИИМдин жана ЖАМКтын бул багытта бирдиктүү иштери уланууда

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн