Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Турсунбек Акун: Шайлоону жылдырууну көздөгөндөр жеңил популизмдин арты менен упай топтогусу келет (маек)

16.07.2020 15:51
2789
Турсунбек Акун: Шайлоону жылдырууну көздөгөндөр жеңил популизмдин арты менен упай топтогусу келет (маек)


30 жылдан бери кыргыз саясатынын оош-кыйышында жүрүп, олуттуу тажрыйбага ээ болгон Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы, укук коргоочу Турсунбек Акун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип, шайлоо өнөктүгүнө байланышкан учурдагы саясий абал, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалдар тууралуу өзүнүн көз караштарын ортого салды.      


- Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болуп жатат, илдеттен каза тапкандар күн санап өсүүдө. Мындан улам Жогорку Кеңештин айрым депутаттары республика боюнча өзгөчө абал киргизип, шайлоону жылдырууну сунуштап жатат. Буга көз карашыңыз кандай?


- Мындай демилгени көтөрүп жаткандар парламенттик шайлоого бараткан саясатчылар, эл өкүлдөрү болуп жатат. Алар Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалды абдан жакшы түшүнүшөт, бирок ошого карабастан атайын чыгып жаткандары өкүнүчтүү. Биз март айында киргизилген карантинде 2 ай отурдук. Андан чыкканыбызга 1,5 ай болду. Ошол өзгөчө абал учурунда элдин баары кыйналды, күнүмдүк акча таап, жан баккандар кыйналды. Бактыга жараша, ыктыярчылар, демөөрчүлөр жардам берип, 2 ай катуу карантинде болдук. Дагы 1 ай элди карантинде кармоого мүмкүн эмес болчу. Эми өкмөттөн эч нерсе сурабай, эл өзү тиричилигин кыла баштады. Ушундай учурда кайрадан өзгөчө абал жарыялап, үйдө отургузуу – элге зордук-зомбулук кылуу болуп эсептелет. Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстандагыдай болуп катуу карантин чараларына барбаган Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда абал өтө курчуп кетти. Бизде анчалык болгон жок. Себеби, бизде карантин өтө катуу сакталган эле. Азыр эл кайрадан ошондой карантинди көтөрө албай калат, материалдык жактан өтө кыйынчылыкка кептелет. Элибиз деле анча бай эмес экени белгилүү. Көбүнчө күнүмдүк акча менен жашаган элдердин “социалдык жарылуусуна” алып келиши ыктымал. Бул маселени көтөрүп чыккандар ойлонушу керек, билимдүү болушу зарыл жана саясатты терең түшүнгөнү жакшы. Муну менен катар алар өз кызыкчылыктарынан мурун өлкөнүн тагдырын, мамлекеттин келечегин ойлогондору маанилүү болчу. Алардын шайлоого катыша турган партиясы добуш ала албай кала турган болуп жаткандыктан, ушул абалдан пайдаланып, булбулдай сайрап, элге жакшы көрүнүү аракетин кылып жатышат. Анткени, азыр негативди, оорчулукту айткан жеңил. Ал эми позитивди айтып, бийликтин иш-аракетин жактагандарды эл жакшы кабыл албайт. Ошондуктан булар саясий упай топтоо максатында жеңил жагына качырып жатышат. Жеңил популизмдин арты менен парламентке келүүнү көздөп жатышат. Мен муну 30 жылдан ашык саясатта жүргөн тажрыйбалуу саясатчы катары айтып жатам.

Ачкачылыктан, экономикалык тартыштыктан кыйналбасын деп президент, өкмөт башчысы чындыгында азыр калкты ойлоп жатышат. Бул депутаттар элдин жашоосун ойлогон жок. Анткени, өздөрү жетиштүү жашоодо жашашат. Акчасы бар, депутат деген аты бар, кайсы жерге барса аларды тосуп алат, проблемасы да аз. Саясий болочогун эле ойлоп, дүйнөлүк кризистен пайдаланууну токтотушу керек.


- Сиз шайлоону сөзсүз өз мөөнөтүндө өткөнү туура деп эсептейсизби?


- Албетте, пандемиялык кырдаал турукташып, элдин өлүмү, илдетке кабылгандар азайып калса жана өкмөттүн аракеттери ийгиликтүү ишке ашса, шайлоо 4-октябарда өткөнү жакшы. Эгерде абал мындан да оорлоп кетсе, дүйнөлүк абал курч болсо, анда Ыкчам штаб президентке сунуш кыла алат, ал эми президент Коопсуздук кеңеши менен талкуулап, Жогорку Кеңештин кароосуна коёт. Анда айла жок, жылып кетсе болот. Бардыгы эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Бирок алдын ала эле шайлоону жылдырууну демилгелей берүү туура эмес.


- Албетте, 2-3 гана депутаттын сунушу жалпы Жогорку Кеңешти мөөнөтсүз жыйынга чогулта албайт. Ал үчүн 60-80 депутат колдошу керек. Сиздин оюңуз боюнча бул сунуш көпчүлүк эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып кетиши мүмкүнбү?


- Менин оюм боюнча азыркы кыйын учурда депутаттар каникулга тарап кетпей турушу керек болчу. 30-июнда Жогорку Кеңеш расмий жабылышын жасап жатканда эле демилге көтөрүп жаткан жанагы үч депутат айтышы керек эле да, тарап кетүү уят иш боло турганын. Тарап кеткенден 10 күндөн кийин айтпай. Кыйын абалда өкмөткө жардам берип, тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, жок дегенде бир ай иштеши керек болчу. Канча деген мыйзамдарды шашып, чала карап кабыл алышты. Июль айы иштеп, август айы эс алса деле жетиштүү болмок. Мисалы, Россияда Мамлекеттик дума каникулга тарабай эле иштеп жатат.


- Буюрса 4-октябрда добуш берүү болсо, адамдын саламаттыгына коопсуз болушу үчүн кандай шартта өтүшү керек деп ойлойсуз?


- Азыр бир топ мамлекеттерде президенттик жана парламенттик шайлоолор өтүп жатат. Мисалы, Россияда Референдум, Польшада президенттик шайлоо болду. Дагы 18 мамлекетте парламенттик шайлоо өткөнү турат. Ошолордун баары эле санитардык эрежелерди, социалдык аралыкты сактап өткөрүп жатышат. Бизде деле ошондой талаптарды аткаруу, антисептик каражаттарын колдонуу менен өткөрсө болот деп ойлойм. Албетте, үгүт иштери мурдагыдай болуп жүздөгөн адамдардын чогулуусу менен өтпөйт. Быйылкы санариптештирүү жылына карата бардык үгүт, пропаганда иштери онлайн форматта өткөнү маанилүү. Санариптештирүү саясатын ишке ашыруу менен онлайн режиминде өтө чоң кампанияны өткөрүп алабыз.


- Биздин өкмөттүн пандемияга каршы күрөшүп жаткан иш аракеттерине кандай баа бересиз?


- Пандемия жаңы башталганда кыргыз өкмөтү абдан жакшы иштеди, карантин чараларын убагында кабыл алды. Бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерде жүргөн 20 миңден ашык мигранттарды алып келди. Салыштырмалуу Өзбекстан менен Тажикстан алып келе албай жатат. Жарды мамлекет экенибизге карабай, өкмөт тышкы дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен уюштуруу иштерин жакшы алып барышты. Штаб күнүгө абалды талкуулап, көзөмөлгө алып жатат. Эми албетте, кемчиликтер болбой койгон жок. Кээ бир Космосбек Чолпонбаев сыяктуу экс-чиновниктер кырдаалга даяр эмес экенин көрсөтүп, уят кылып коюшту. Ошондой эле өкмөт мүчөлөрү айрым маселелерде макулдашпай маалымат таратып жатканы байкалды. Коронавирустун туу чокусу май айынын ортосуна барып токтойт дешкен, пратикада андай болгон жок. Ушул убакка чейин туу чокусу боло элек да. Мына ушундай маалыматтарды таратууда чоң жаңылыштык кетирип алышты. Кээ бир чиновниктер айткан тапшырманы эптеп аткарып коюп, чын жүрөгүнөн иштебей жатат. Жалпы жонунан колунан келген аракеттерди көрүп жатышат. Бир тараптуу өкмөттү күнөөлөй берүүдөн алыс болуп, ар бир адам жеке жоопкерчиликти моюнга алганы дурус. Баарыбызда күнөө бар, 6 млн элдин баары тең талаптарды аткара бербейт экен да.


- “Вирус жок, жөн гана саясат жасап жатышат” деген билдирүүлөрдүн терс таасири тийип жатканын эл эми баамдап калышты. Мындай аракеттерге сиз кандай жоопту айтат элеңиз?


- Ооба, оозуна алы жетпеген, тилинен башка пайдасы жок саясатчылар чыкты. Бийликтин акча табуу, чет мамлекеттерден грант, насыяларды алуу максатында ойлонуп чыккан иши деп айтып чыгышты. "Бет кап тагынбагыла, бийликти укпагыла, дарыгерлер сүйлөй берет" деп ар кайсыны сүйлөп жатышат. Телеканалдардын биринен кардиохирург-врач Калдарбек Абдраманов “коронавирус жок деген саясатчылар элдин чыккынчылары, аларга айып пул салынсын, тиешелүү жазаларын алышсын” деп айтты. Бул менин сөзүм эмес. Президент ушул тапта катуу тартипти сактап, оозуна келгенди оттогондорго чечкиндүү чараларды көрүшү маанилүү болуп турат. Өкмөт дагы буга катуу чараларды көрүшү зарыл. Бийлик канчалык жумшак болгон сайын, президентке акыл айткандар, сын айткандар көбөйдү. “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамга кол койбоого да чакырышты сөз эркиндигине жамынып алып. Азыр президент өзү катуу башкарууга алып, туура эмес сүйлөгөндөргө айып пул салса болмокСөз эркиндиги, демократияны алып келген саясатчылардын бири катары айтарым, бизге азыр демократиядан дагы биринчи элдин ден соолугу, өмүрү, өлкөнүн бейпилдиги керек. Демократия ушундай оор абалда бир аз чектелип калса, андан эч нерсе болбойт, негизгиси тартип болушу керек.    


- Бийликке сын айткандар көбөйдү деп калдыңыз, ушундай оор учурда президентти алмаштыруу керек, анын жоопкерчилиги каралсын деген саясатчылардын аракеттерин кандай баалайсыз?


- Өмүрү бири-бири менен пикири келишпей, иттей тытышкан күчтөр чогулуп алып, ар кайсы кафелерден жолугуп жатышат. Алар оор абалдан пайдаланып, эптеп өлкөдө төңкөрүш кылганга аракет кылууда. Мына, кээ бир саясатчылар шайлоо алдында элдин көңүлүн буруп, саясий упай топтоо үчүн өзгөчө абал киргизели десе, экинчи күчтөр өлкөдө төңкөрүш жасоонун аракетин көрүп жатат. Мына ушундай куру популизмди ооздуктоо үчүн мыйзамдын алкагында катуу чаралар жана жоопкерчиликтер көрүлүшү зарыл. Азыр “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” жашоону учур талап кылып турат. Стабилдүүлүктүн жалгыз тиреги - президент. Жөнү жок каралоо туура эмес. 


- Сиз шайлоого катышасызбы, кайсы партиялардан сунуш түшүп жатат?


- Азыр мен аны так айта албайм. Сунуш берген партиялар бар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок акчасы жок адамга сунуштар аз болот экен. Ошентсе да ким сунуштаса эле макул боло бербейм, менин да принцибим бар дегендей. Эгерде акчага эмес, билимиме, көп жыл саясатта жүргөн тажрыйбама, басып өткөн жолума карап кызыкдар болсо ойлонуп көрөбүз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн