Бугу 07, 2024
Убакыт: 02:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү катталды

19.12.2020 13:57
930
Түштүк Африкада коронавирустун жаңы түрү катталды

Түштүк Африканын Саламаттыкты сактоо министри Звели Мхизе илимпоздор коронавирустун жаңы түрүн – 501.V2 табышканын айтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.


Анын айтымында, генетиктер март айынан бери вирустун үлгүлөрүн изилдеп жатышат жана анын жаңы варианты акыркы эки айда өлкөдө кеңири жайыла баштады. Окумуштуулар Түштүк Африкадагы оорунун экинчи толкуну ага байланыштуу деп эсептешет.


Вирусологдор белгилегендей, COVID-19дун оор формасы менен ооруган, бирок башка коштогон оорулары жок жаш бейтаптар ооруканаларда көбөйө баштады. Мхизе ошондой эле коронавирустун жаңы түрү тезирээк жайылып баратканын айтты.


Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түштүк Африкада коронавирус 901 538 адамдан табылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн