Эркек киши парламенттин мекемесинен чыккан Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инага бут кийимин ыргытты. Бул тууралуу Yonhap News Agency басылмалсына көрсөтмө берүү менен centralasia жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болгон. Чон аттуу жаран бут кийимин чечип туруп, президентти көздөй ыргытып, бирок тийбей калган. Аны дароо эле полиция кызматкерлери кармаган.
“Мен бут кийимимди президент Мун Чжэ Инага ыргыттым. Ал жек көрүүнү жана басмырланганды сезүүсүн каалаган болчумун”, - деген Чон.
Анын президентке карата терс мамилеси эмнеден улам болгону айтылган эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн