Бүгүн, 17-апрелде Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;
Баткен дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн