Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Түшүндүрүү иштеринен кийин эки жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты

30.08.2023 16:59
234
Түшүндүрүү иштеринен кийин эки жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты


Түшүндүрүү иштеринен кийин эки жаран экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августта УКМК кызматкерлери тарабынан "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү А.М.М., К.Р.А. жана Т.М.Э.ге карата Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага катышууга КР мыйзамы менен жоопкерчиликке тартылаары маалымдалган.

Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.Р.А. жана T.M.E. , А.М.М аттуу жарандар тандап алган диний багыты жаңылыш экенин түшүнүү менен, алар зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартышты. Алар башка жарандарды да "Хизб ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик диний уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

Учурда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн андан ары аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн