Туу демөөрчүлөрдүн эсебинен даярдалат, мамлекеттин бюджетинен каражат жумшалбайт. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
"Туу демөөрчүлөрдүн эсебинен даярдалат, мамлекеттин бюджетинен каражат жумшалбайт. Так эмес маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп билдирүү калтырган.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары Кара-Суу шаарынын мэриясы 300 миң сомго жаңы желек сатып алууга тендер жарыялаганын жазып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн