Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат, - Дайырбек Орунбеков

03.01.2024 14:59
356
Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат, - Дайырбек Орунбеков


Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүң социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


Ал борбордун "Ала-Тоо" аянтында илинген жаңы желектин 39 эмес, толук 40 нуру бар экенин жазган. "Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп...Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат", - деп айтылат билдирүүдө.


Белгилей кетсек, буга чейин бир нече басылмалар, активисттер борбордук аянтка илинген желек кабыл алынган нускасына окшобой калганын жана нурлары 40 эмес, 39 экенин билдиришкен.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн