Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:30
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

UEFA Орусиянын курамасын мелдештерден четтетти

03.05.2022 10:03
890
UEFA Орусиянын курамасын мелдештерден четтетти


Европа биргелешкен футбол ассосациясы (UEFA) Орусия курамасына Улуттар лигасына жана 2022-2023 сезонундагы Еврокубокторго катышууга уруксат бербеди.

Орусиянын 2028 жана 2032-жылдардагы футбол боюнча Европа чемпиондугун өткөрүү өтүнүчү ылайыксыз деп табылганы бирикменин сайтында жазылды. Уюмдун аткаруу комитетинин жыйыны 2-майда өттү.

Sports.ru сайты Орусиянын футбол союзу мындай чечимге макул эместигин, Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сотко кайрылуу ниетинде экенин жазды.

Орусиянын аялдар командасы Европа чемпионатына киргизилген жок, анын ордуна Португалия курамасы Англиядагы финалдык турнирде ойнойт. Команда дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турниринен четтетиле турган болду. Орусиянын жаштар курамасы, футзал жана пляждык футбол боюнча командалары да мелдештерден четтетилди.

Буга чейин Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Орусиянын курама командасын ушул жылдын ноябрь-декабрь айларында Катарда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуудан четтеткен. Анын алдында Польша менен Швециянын курама командалары Орусия Украинага басып киргени үчүн орусиялык команда менен ойнобой турганын жарыялашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн