Теке 22, 2024
Убакыт: 22:27
USD
84.10
85.00
EUR
91.60
92.60
RUB
0.950
0.980

Физиев мындай күчтүү каршылаш менен беттешкен эмес. Эксперттердин пикири

15.06.2020 18:23
1415
Физиев мындай күчтүү каршылаш менен беттешкен эмес. Эксперттердин пикири


Ultimate Fighting Championship уюмунун жеңил салмактагы мушкери кыргызстандык Рафаэль Физиев менен англиялык Марк Диакезинин 18-июлда Абу-Даби шаарында боло турган беттеши спорт сүйүүчүлөрдүн арасында түркүн кептерди жаратууда.


Рафаэль Физиев жалпы 7 беттеш өткөрүп анын алтоосунда жеңишке жетсе, бир ирет жеңилүү ызасын таткан. Ал эми Марк Диакези 17 ирет рингге чыгып, анын он төртүндө атаандашын уткан. Эки мушкер тең 27 жашта.


Спорт серепчилердин айтымында эки мушкер тең көп күрөшпөйт, беттеш кызыктуу жана табышмактуу болот.

 

Кенжебек Чекиров – машыктыруучу:


- Алдын ала божомолдоп айтканды жаман көрөм. Бирок машыктыруучу катары 3 этап менен алып карасак болот. Биринчи атаандашын ким экенин билгенде, ошого жараша даярдык көрүү. Бир же эки ай мурун каршылашын билгенден кийин, канчалык деңгээлде туура даярданат, атаандашын күчтүү жана алсыз жактарын билип, анализ жүргүзүү факторы турат. Экинчиден, салмакты туура куу жана таразага түшүү, так салмакты алып баруу маанилүү. Эгер ушул эки этапты кынтыксыз алып барса, анда үчүнчү этап беттештин өзү, ушул жерден баары билинет. Мелдеште бир гана психологиялык фактор, биринчи этаптагы даярдык, салмакты туура алып келүү да таасирин тийгизет.


 


Бексултан Үсөналиев – спорт баяндамачы жана эксперт:


- Рафаэль Физиев үчүн эң кыйын беттештердин бири болот жана Марк Диакези эң күчтүү атаандаш болот. Буга чейин Физиев мындай күчтүү каршылаш менен беттешкен эмес. Бир жагынан жакшы, экинчи жагынан алып карганда жаман. Жакшы жагы эгер кыргызстандык мушкер жеңишке жетсе эл аралык аренада өзүнүн атын жар сала алат. Анткени Марк Диакези кеченин мыкты беттеши наамын көп уткан. Бир нерсени ишенимдүү түрдө айта алам, эгер экөө тең бирдей даярдыкта келсе булар кеченин мыкты беттеши наамына татыйт. Рафаэль жеңилип калса, экинчи жеңилүүсү болот жана эки кадам артка кетет. Бирок Физиев чыныгы мушкер, эч кимден коркпойт, анткени күчтүү атаандаштардан баш тарткан жок. Эгер нейтралдуу күйөрман катары карай турган болсом, анда Марк Диакези жеңет деп айтмакмын. Бирок мен Физиевге күйөрмандык кылам жана биздин спортчу тай бокс, грепплинг менен машыгып жүрүп, тажрыйбасы чоң, физикалык жактан идеалдуу формага келсе утуп алуусу мүмкүн.

 



Эмил Токтогонов - Кулатуу федерациясынын жетекчиси, машыктыруучу:


- Чоң турнирлерде алдын ала айтуу кыйын. Рафаэль жана Марк Диакезинин беттешинде менин божомолум боюнча Физиев жеңишке жетет. Марк Диакези да күрөшкө анча жок, Рафаэлге туруп беттешти өткөргөн атаандаш керек эле. Биздин мушкер каршылашына карганда туруп мушташкан жагынан күчтүү. Андыктан Рафаэль Физиев утат деп ойлойм.



 

Адилет Темирланов – спорт эксперт, баяндамачы жана журналист:

 

- Жеке пикирим боюнча Рафаель Физиев менен Марк Диакези беттеши өтө кызыктуу жана оор болот. Экөө тең беттештин жыйынтыгында жеңишке жете алат. Оюмча таймаш калыстардын чечимине чейин жетпейт болуш керек. Анткени мушкерлер нокаутерлордун катарына кирет. Учурда “Атаманга” сөзсүз түрдө жеңиш керек, себеби бир жеңиш жана бир жеңилүүсү бар. Ал жеңиштерин көбөйтпөсө дүйнөнүн эң күчтүү промоушундагы ордун жоготуп алуусу мүмкүн. Ал эми каршылашы Марк Диакези акыркы эки беттеште жеңишке жете алган ийгиликтүү сериясын узартканга аракет кылат. Айтор биздин мекендешибиздин атаандашы күчтүү. Андыктан бардык күч аракетин жумшап, жеңишке жеткенге аракет кылышы керек.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн