Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловду кармады. Бул тууралуу 24.кг өзүнүн булактарына таянуу менен билдирди.
Маалым болгондой кечээ депутат УКМКга суракка кирген эле. Депутат коррупция жана рейдерлик басып алууга айыпталууда.
"Ага карата Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарат. Прокуратура анын 2 айга УКМКнын тергөө абагына камалышын суранып жатат",- деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (1)