Кыргызстанда Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында айыл чарба багытындагы жерлерди узак мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, юридикалык жактарга катталган 120 гектар күрүч плантациясы ижарага алынган.
Мыйзам чегинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарылды. Айыл чарба министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн