Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүнүдө, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайыык, кармалган Ж.С.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн