Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:29
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

УКМК Абдил Сегизбаевдин айткандары боюнча билдирүү таратты

УКМК Абдил Сегизбаевдин айткандары боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Сегизбаевдин саясий куугунтукка алынгандыгы жөнүндө билдирүүлөрүнө карата өзүнүн позициясы жөнүндө коомчулукка маалымат берүү зарылдыгын эсептейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. 


2019-жылдын март айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, айрым жеткирип берүүчүлөр тарабынан зер буюмдардын өзгөчө ири өлчөмдө аткезчилик жол менен ташылып кетишине байланыштуу бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдайт.

Тергөө иштеринин натыйжасында, 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири республикага контрабандалык жол менен ташылып бараткан салмагы 22 килограммдан ашуун алтын зергер буюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган.


Бул факт боюнча УКМК ошол учурдагы жетекчилиги тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген, натыйжада республиканын бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ошол эле учурда, тергөө маалында жетиштүү далилдер чогултулуп, аткезчиликке тиешеси бар тараптар жоопко тартылып, күнөөлөрүн мойнуна алышып, мамлекетке 6 миллион сомдон ашуун келтирилген зыяндын орду толтурулган.


Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн чаралардын алкагында жогоруда аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМК мурдагы кызматкери Б.Э кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Д.Чоткораев күбө катары суракка алынды.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча УКМК мурунку жетекчилигинин аракеттерине коомчулукка маалымат берүү менен бирге акыркы юридикалык баа берилмекчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн