Бирдин айы 21, 2025
Убакыт: 02:29
USD
87.30
87.80
EUR
91.10
92.10
RUB
0.960
1.000

УКМК: Араван райондук сотунун судьясы кармалды

18.02.2025 18:05
117
УКМК: Араван райондук сотунун судьясы кармалды


Араван райондук сотунун судьясы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка караганда, Араван райондук сотунун судьясы Д.Н.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жаран З.Б.га Араван районунун аймагында жайгашкан жер тилкесине менчик укугун таанып, билип туруп адилетсиз чечим чыгарган.


Ошол эле учурда бул чечим 2023-жылдын 25-январында сот отуруму учурунда каза болгон күбө А.К. нын көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылган. Деген менен өлүм күбөлүгүнө ылайык, аталган жаран 2023-жылдын 1-январында каза болгон.


Мындан тышкары, сот отурумунун протоколуна ылайык процесстин жүрүшүндө Г.Э. жана Ю.Т. күбө катары да суралгандыгы белгиленген. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн адамдар соттук отурумдарга такыр катышпагандыгы жана каралып жаткан иштин жагдайлары боюнча судья Д.Н.Б. эч кандай көрсөтмө бербегендиги аныкталган.


Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күбөлөрдүн П.С. жана Т.А.нын көрсөтмөлөрү, ошондой эле соттук-кол жазма экспертизасынын корутундусу менен тастыкталды.


Ошентип, 2025-жылдын 13-февралында Судьялар кеңеши судья Д.Н.Б.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.


2025-жылдын 17-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Д.Н.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык жасалмачылык" жана "Атайылап адилетсиз чечим чыгаруу" беренелери менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн