Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:11
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

УКМК: Аймактар аралык жаңжалды козуткан адам кармалды

УКМК: Аймактар аралык жаңжалды козуткан адам кармалды


Аймактар аралык жаңжалды козуткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.  


Маалыматка ылайык, 30-мартта ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Т.Ч. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Ал фейсбук социалдык түйүнүндө «Аруузат Токо» аттуу баракчасы менен аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген.  


Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши ачылган.  


Ошондой эле маалыматта учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалып,тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн