Бишкек ШИИБге 17-ноябрь күнү саат болжол менен 16:30да борбор калаада жайгашкан ГУМ "Чынар" соода борборунда шектүү баштык бар деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын ыкчам тобу барып, соода борборду эвакуациялап айланасын курчоого алган.
Маалыматка ылайык, ыкчам издөө иш-чаралары жүгүзүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн