Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин колдоочусу Дүйшөнбек Чоткараевдин кармалышы боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
"УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Д.Чоткараев алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылган.
Калган маалыматтар кийин берилет", - деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Белгилүү болгондой, социалдык тармактарда Чоткараевди кармап кетип жаткан видео тараган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн