Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

УКМК: Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды (ФОТО)

УКМК: Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери пара берүү фактысы боюнча кармалды (ФОТО)


2020-жылдын 27-ноябрында КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерине 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын накталай түрүндө пара берип жаткан жеринен Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Р.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 


"Кармалган Р.Б. УКМК кызматкерине Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аз камсыз болгон жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн документтерди каттоосун текшерүү учурунда мыйзам бузууларды оң жагына чечүүсү үчүн акча каражатын берген", - деп айтылат маалыматта.


Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардыын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн