Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 18:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

УКМК: Финполдун кызматкеринин мыйзамсыз баюусу боюнча текшерүү жүрүп жатат

12.01.2021 17:54
700
УКМК: Финполдун кызматкеринин мыйзамсыз баюусу боюнча текшерүү жүрүп жатат

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Т.А.Р карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүп жатат.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, 2014-2020-жылдар аралыгында Т.А.Р көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, жана алар анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталган.

Учурда Т.А.Р тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн