Бүгүн, Москва шаарында 74 жаш курагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку биринчи орун басары, генерал-полковник Валерий Иванович Верчагин көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
В.И.Верчагин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында 1972-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз ССРинин опер кызматкери кызматынан баштап, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын биринчи орун басарынын даражасына чейин иштеген.
УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы орду толгус жоготуудан улам генерал-полковник В.И.Верчагиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн